Беловодск айылында адамды өлтүрө сүзүп кеткен жаран кармалды

Чүй облусундагы Беловодск айылынын тургунун унаасы менен сүзүп кеткен жаран кармалды.  Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-февраль күнү саат 07:50 чамасында Москва РИИБ Беловодск айылында адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Эркек кишинин жансыз денеси Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 36-чакырымында табылган.

Маркумдун өздүгү такталып, ал Москва районунун 64 жаштагы А.Н. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Ал жол кырсыгынан алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден көз жумган.

Жол кырсыгына шектүү катары Чүй облусунун Токмок шаарынын 32 жаштагы Н.У., аттуу тургуну кармалды. Ал “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасы менен маркумду сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Азыркы учурда баардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Булак:KyrgyzToday

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *