Беловодскиде поезд маршрутканы сүзүп кетип, 1 аял каза болуп, 12 адам жаракат алды

Кечээ, 13-март күнү саат 19:00 чамасында Беловодск айылында жүргүнчү ташыган поезд эл ташыган кичи автобусту сүзүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кырсыктын кесепетинен 1 аял ооруканада каза болгон. 12 жүргүнчү (5 эркек, 3 аял, 4 жаш бала) ар кандай жаракаттарды алып, Москва районундагы ооруканага жеткирилген.

“Тартылган куткаруучулар автобустун ичинде кыпчылып калган жарандарды чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен” – деп айтылат маалыматта.

Учурда жарадар болгон адамдардын өздүктөрү такталууда.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *