“Беспринципный” Жээнчороев таякеси Бабановду жазбай тартыптыр

Парламенттин депутаты Мирлан Жээнчороев таякеси Өмүрбек Бабановдун этегине эрмешип, ал депутат кезде ага жардамчы болгон. Аны менен чектелбей таякесинин бизнестеги ишин илгерилетип берип, кызматын катуу кылып жүрүп эмгегин аябай эле «сиңирген». Ал эмгеги үчүн БӨТ аны депутат кылган.

Сыныктан башкасынын баары жугуштуу дегендей, жазбай таякесин тарткан Жээнчороев кырдаалга жараша эки сүйлөгөндү мыкты өздөштүрүптүр. Кызыкчылык үчүн «илибой» тешикке кирип кетн берет экен, эй! 2017-жылдын май айларында Мирлан Жээнчоросв парламенттик шайлоодогу босого чекти 7%дан 9%га көтөрүүнү демилгелеп: «Босогону 9%га чейин жогорулатуу лидерлердин диалогуна жана экономикалык туруктуулукка алып келет» деп айткан. Мыйзам Жогорку Кеңеште каралып, жыйынтыгында мыйзамды көпчүлук эл өкүлдөрү жактырышкан.

Кожоюну ушундай тапшырма бсргенби, айтор, Жээнчороев бүгүн 180 градуска тескери бурулуп, парламенттик шайлоонун босого чегин 9% эмес, 5% пайыз кылыш керек деп ар кайсы бурчтан чыга калып кыйкырып, эми ЖКга ушундай мыйзам долбоорун киргизиптир.

Жээнчороевге баракелде! Жаш болсо да саясий сойкулук менен саясий хамелеондукту эң мыкты өздөштүрүптүр! Мындайларды «далеко пойдет» деп айтат эл. Жээнчороевдин бул сыяктуу фокустарына дагы көп күбө болот окшойбуз.

Булак: “Мантыш”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *