Беткапчан төрт бала бирөөнүн үйүнө кирип, кожоюндун баласын өлтүрүп кетишти

Аламүдүн районунда төрт бала адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, окуя кечээ, 29-ноябрда, саат 20:30 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылында болгон. 46 жаштагы адамдын үйүнө медициналык беткапчан төрт жигит киргенде, үй ээлери аларга каршылык көрсөткөн. Алар 19 жаштагы кожоюндун баласына бычак сайып, качып кетишкен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип көз жумган.

Бүгүн, 30-ноябрда Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүүлөр кармалып, өздүгү такталды. Алар: 19 жаштагы Б.С., М.Ж., 21 жаштагы Р.Б. жана 18 жаштагы Ч.Ш. Бул факт Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүүлөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө башталды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *