Бийлик “Ата-Мекендин” кадрларын кызматтан кетире баштады

Кечээ, 5-сентябрда КСДПчы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзүнүн буйругу менен атамекенчи, Юстиция министринин орун басары Айбермет Кутуеваны кызматтан алып салды.

Биз билгенден Айбермет Кутуеваны Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзү баш болуп сүрөмөлөп, өздөрүнүн башкаруучу коалициядагы квоталарынын негизинде кызматтан кызматка өстүрүп келатышкан. Кутуева өзү да ишине тың, илимдүү-билимдүү кыздардан. Бирок акыркы кезде КСДПнын чыныгы лидери менен “Ата-Мекендин” лидеринин ортосундагы тирешүү бул кызды да жумушсуз калтырды. Бул кетишинде Атамбаев менен Жээнбеков аткаруу бийлигин атамекенчилерден толук тазалап чыкчудай болуп турат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *