Бийлик Атамбаевге каршы көрсөтмө алыш үчүн бейкүнөө адамдарды камап жатабы?

Артур Медетбеков, генерал-майор:

– Бүгүнкү күндө Батукаевдин иши боюнча козголгон кылмыш ишинен чоң саясат издебеш керек. Балким камакта жаткан күбөлөр Атамбаев өзү айткандай ага каршы көрсөтмө берип, Атамбаевдин өзү да суралып калышы мүмкүн. Атамбаевдин сөзүн эл деле жатка билип калды. Өз жанын сактоо үчүн, мурунку кылган мыйзамсыз иштерин жашыруу үчүн, актануу аракеттерин кылып келе жатат. Ал жанындагы адамдарды коргоо максатындагы да мындай кадамдарга барып жатат. Алмазбек Атамбаевдин акыркы күндөрү айткан сөздөрү, чакырыктары – мамлекеттин коопсуздугуна терс таасирин берип жатат. Экс-президенттин сөздөрү элди да бөлүп жарып жатканы чындык. Муну менен ал чабал эле саясатчы экендигин көрсөтүп койду.

Равшан Жээнбеков, экс-депутат:

– Атамбаевге каршы оппозиция бийликке келсе, анан мурдагы бийликтин өкүлдөрүн жөндөн-жөн эле камай баштаса, анда аны саясий куугунтук же саясий өч алуу десек болот эле. Бирок Социал-демократтар партиясындагы адамдар андан кантип өч алат? Бул жерде эч кандай саясий куугунтук же кандайдыр бир өч алуу жок. Эгерде ал киши атаган адам бажы тармагында коррупция жасап жаткан болсо, алты-жети жыл бою жогорку бийликте отурган Атамбаев эмнеге байкаган эмес? Ал жети жылда “коррупцияны жайладым” деп эле кыйкырып жатпады беле? Атамбаев президент болуп турганда эмне үчүн ошол бажыдагы, салыктагы коррупцияны, Бишкек ЖЭБинин долбоорун ишке ашыруудагы коррупциянын бетин ачкан жок? Эгерде ошол кезде анын өзүнүн командасынын арасынан коррупцияга шектүү катары камалса, анда анын бүгүн айткан сөзүнө ишенет элек. Ошондуктан анын азыр айтып жатканы бери эле дегенде эки жүздүүлүк.

Турсунбек Акун, мурдагы акыйкатчы:

– Биринчиден, кримтөбөл Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу иш Атамбаевдин тушунда жарым-жартылай болуп, аягына чыкпай калган. Себеби, Алмазбек Атамбаев өзү ал иштин башында тургандыктан, бастырып койгон. Азыр ишти Сооронбай Жээнбеков көтөрүп чыккан жок. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары көтөрүп чыгышты эле, Башкы прокуратура аны кайра жандантгы. Мына эки ай болуп калды, эми баарыбызды сурап атат. Кармалгандары кармалды. Атамбаев “ошол кармалгандар мага каршы көрсөтмө берип жибербесин” деп чычалап, чырылдап атат да. Менимче Батукаевдин ишин Атамбаевди камоо үчүн жандантышкан жок, чыныгы күнөөлүүнү табыш үчүн жандантышты. Бирок, эгер ага Атамбаев тиешелүү болсо, анда ал жооп бериши керек.

Клара Сооронкулова, мурдагы Жогорку соттун төрайымы:

– Атамбаевде мораль деген түшүнүк жок. Ал моралдык укук түшүнүгүн билбеген киши. Жеке кызыкчылыгы үчүн, таасирин сактап калуу үчүн ушунун баарын жасап жатат да. Бийликке кайра келүүнү көздөп жатат. Жасалып жаткан аракеттердин баары ошол үчүн да. Атамбаев бийликти гана көздөгөн киши, элдин камын ойлогон эмес. Ошондуктан, учурдагы бийлик реформаларды жасоосу керек. Ошондо гана эл ага ишенет. Болбосо, Атамбаевдин айткандарына ишенип, аны ээрчип кетиши мүмкүн. Анын үстүнө азыркы оппозиция дагы биригип, бир багытта иш алып бара алышпай жатышат. Эгерде азыркы бийлик ушундай эле темп менен кете берсе элдин кыжыры күчөй берет.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *