Сапар Аргымбаев: “Бийлик бечелдигин көрсөтпөй, Атамбаевди жоопко тартышы керек!”

27-июлда “Саясий туткундарды коргоо” комитети Алмазбек Атамбаевди жана туткундарды куугунтуктоого катышы бар сотторду жоопко тартууну жана абактагы саясатчылар: Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Эрнест Карыбеков, Абдулла Капаров, Садыр Жапаровду боштондукка чыгарууну талап кылган билдирүүнү таратышты. Билдирүүдө Атамбаевдин Москвага барып келгенине шарт түзүп берген бийликке нааразы болуп, бийлик бечелдигин көрсөтүп жатканын баса белгиленген. Эскерте кетсек, Атамбаев 24-июлда Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу Москвага учуп, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, эртеси кечке маал кайтып келген. Ага чейин ал кримтөбөл Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча ИИМге үч жолу суракка чакырылып, барбай койгон. 22-июлда, Кой-Таштагы үйүнө министрдин орун басары: Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барып, кире албай кетип калган. Кремлден келгенден кийин эле “Атамбаев жообун адвокаты аркылуу кат жүзүндө жооп берсе болот” деп чыгышты. “Эмне бизди Путин башкарабы же Жээнбековбу? Эгемендүүлүктү алганыбыз качан?”, – деп эл нааразы.

Жогорудагы комитеттин билдирүүсүндө да дал ушундай суроо бийликке бар. Бизде мыйзам Атамбаевге келгенде токтоп калабы? Кудайдын мөөрүн чөнтөгүнө турсун, башка жерине катып жүрсө да ал сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек! АЛ МАС – ууруулардын уурусу…

Сапар Аргынбаев, “Саясий туткундарды коргоо” комитетинин төрагасы

Булак: “Кабар Инфо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *