Бийлик бутактарында регионалдык баланс сакталган жок деп, аймактык ажырымга түрткөн чакырыктарга жооп…

Жакында маалымат агенттиктердин бири сенсация өңдөнгөн, койнуна котур таш катылган материал чыгарды. «Укмуштуунун төөсү жорго» дегендей, калпты чындай шыпырткан журналист сөрөй өлкөдөгү бүт чечүүчү кызматтарды өлкөнүн түштүк регионунан чыккан адамдар башкарып жатканын чүргөптүр. Бул кастыкты козутуу менен барабар да. Мекеме, аймак аралык ажырым салганга эмне үчүн кызыкдар болгонуна биз түшүнбөдүк. Бул атайын жазылдыбы же журналисттин тажрыйбасы жоктуганын улам болдубу? Кандай болгон күндө да биз материалга жоопкерчилик менен карап, бийликтин сересиндеги кадрларды текшерип көрүүнү эп көрдүк. Өзүңүз күбө болуңуз окурман.

1. Тышкы иштер министри – Айдарбеков Чыңгыз Азаматович (Чүй облусунан)

2. Ички иштер министри – Джунушалиев Кашкар Астаканович (Чүй облусунан)

3. Адилет министри – Джаманкулов Марат Тургунбаевич (Ысык-Көл облусунан)

4. Финансы министри – Жээнбаева Бактыгуль Жаныбековна (Чүй облусунан)

5. Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич (Чүй облусунан)

6. Айыл чарба тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри – Чодуев Эркинбек Ураимович (Ош облусунан)

7. Жолдор жана транспорт министри – Бейшенов Жанат Саматович (Чүй облусунан)

8. Өзгөчө кырдаалдар министри -Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович (Жалал-Абад облусунан)

9. Билим берүү жана илим министри – Кудайбердиева Гульмира Каримовна (Баткен облусунан)

10. Саламаттыкты сактоо министри – Чолпонбаев Космосбек Сариевич (Ысык-Көл облусунан)

11. Маданият, маалымат жана туризм министри – Жаманкулов Азамат Капарович (Талас облусунан)

12. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Кочкоров Улукбек Тойчубаевич (Баткен облусунан)

13. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Опумбаев Орозбек Найманович (Чүй облусунан)

14. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Тердикбаев Эрлис Джекшенович (Чүй облусунан)

15. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмобетов Эмил Кубатович (Чүй облусунан)

16. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Догоев Дастан Давлетович (Ысык-Көл облусунан)

17. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору – Абдиев Бактыбек Абышевич (Чүй облусунан)

18. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Салиев Бахтияр Усманович (Ош облусунан)

19. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору – Сабиров Шухрат Маматалиевич (Ош облусунан)

20. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Нурбашев Таалайбек Инашевич (Ысык-Көл облусунан)

21. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору – Адилбек уулу Шумкарбек (Чүй облусунан)

22. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы – Турганбаев Мелис Токтомамбетович (Нарын облусунан)

23. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Теңизбек Жусупбекович (Ош облусунан)

24. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Оңолбеков Алмаз Мадылбекович (Чүй облусунан)

25. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы – Мамбетов Алмаз Ишенбекович (Чүй облусунан)

26. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович (Ош облусунан)

27. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы – Анарбаев Гуламжан Сатбалдыевич (Ош облусунан)

28. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы – Молдошева Динара Автандиловна (Талас облусунан)

29. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы – Шаршеев Уларбек Зарлыкович (Ысык-Көл облусунан)

30. Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы – Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич (Чүй облусунан)

31. Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын төрагасы – Мусаходжаев Акылбек Абдылдаевич (Чүй облусунан)

Биз айрым журт бузарлардын «регионалдык баланс сакталбай жатат» деп, аймактар аралык ажырымга түртүп жаткан дооматтарына карата гана кадрлардын кичи мекени каяктан экенине кызыгып көрдүк.

Болбосо, эл үчүн кимдин кайсыл жактан экени кызыктырбай, эң негизгиси элдин, мамлекеттин байлыгын уурдабай иштешсе эле болду.

Бийлик бутактарында регионалдык баланс сакталган жок деген билдирүүлөр – ачыктан ачык аймактык ажырымга чакырыктар.

Андайлар мыйзам талаасында жазаланышы керек. Жараткан өзү жар болуп, элибиз биримдиктүү ынтымагынан жазбай, эл кызматындагыларга ыйман берсин, Кыргызстаныбыз өнүгүп өсө берсин.

Сезим Мураталиева

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *