Бийлик Абылгазиевдин өкмөтүн алмаштырыш керекпи?

Бүгүнкү саясый ситуацияга айрым штрихтер

Бүгүн Кыргызстанда өтө кооптуу саясый ситуация түзүлдү. Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн отставкасын талап кылган ар түрдүү саясый күчтөр тымызын аракеттерин улам күчөтүп баратышат. Баары эле Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү отставкага кетсе эле баардык көйгөйлөр чечилет дегенге президентти ишендирүүгө жанталашууда. Баары эле өкмөт жаман иштеп жатат, экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөөдө, инвестиция азаюуда, өкмөттүн жаңы демилгелери жок деген сыяктуу “дүжүр” дооматтарды артышууда. Бирок, бийликти (өкмөттү) бизге берсеңер биз мындай экономикалык программаны ишке ашырабыз, мындай жаңылыктарды киргизебиз, бул программаны ишке ашыруу үчүн мындай каржы булактарын табабыз, 100 күндөн кийин мындай жаңы көрсөткүчтөргө жетишебиз, бир жылдан кийин мындай жаңы көрсөткүчтөрдү багынтабыз, мынча жумушчу орун түзөбүз деп, жаңы программа сунуш кылган бир да саясый күч жок. Баарына эле премьер-министрлик жана министрлик кызматтар керек. Берсеңер эле баарын кыйратабыз деген күчтөр. Буларга кызмат ресурстары гана керек. Бирок, Мухаммедкалый Абылгазиевди кетиргенде анын ордуна келе турган күчтөр кимдер? Алар Абылгазиевден эмнеси менен айрымаланат? Мухаммедкалый Абылгазиев эч бир саясый күчтөргө кошулбаган, саясый интригаларга аралашпаган, артынан коррупциялык кылмыштар ээрчибеген, таза, сөздүн жакшы маанисинде алганда техникалык башкаруучу, менеджер. Ал эми ага атаандаштар, ошол өкмөттү кетирип, анын ордун ээлеп баарын жыргатабыз деген күчтөргө сереп салып көрөлүчү, чылгый саясый интригандар.

Чүй кланы. Өздөрүн Чүйдүн лидербиз деп эсептеген Туйгуналы Абдраимов, Канат Исаев, Иса Өмүркулов, Темир Сариев жана башкалар. Булар азыр бир топко бириге албай, ар кандай чачыранды топтор менен президентке таасир берип, өкмөттү кетирип, ар кимиси премьер-министрлик кызматты басып жыгылууга аракет кылышууда. Идеологиясы – биз жергиликтүү калкпыз, бизге өкмөттү берсеңиз, Чүй элин бүт сизге буруп беребиз, Атамбаевди ордуна коёбуз. Чүй эли бизди колдойт. Борбор шаар Чүйдө болгондуктан чүйлүктөр бийликтин бир бучкагын чоюш керек. Чүй бийликке каршы чыкса маршрутка менен эле жабылып түшүп келип, митингдерди уюштуруп, көйгөй жаратат. 2017-жылы президенттик шайлоодо Бабановго Чүй жабыла добуш бергени ал биздин эмгек. Эми ошол электоратты биз бийликке буруп беребиз деген таризде.

Бирок, Туйгуналы Абдраимов, Иса Өмүркуловдор президенттик шайлоодо бийликтин талапкерин колдоп, тоодой убада беришип, өзү иштеген аймактарда Бабановдон утулуп калышпады беле?  Темир Сариев өз алдынча чыгып, өзүнүн кичи мекени Чүйдөн да Бабановдон жеңилбеди беле? Канат Исаев болсо Бабановго жардам берем деп чыгып, Атамбаевдин каарына калып, шайлоого чейин эле камалып калган. Ал камалганда анын эркиндигин талап кылып калдайган электораты митингге чыктыбы? Ал эми Өмүрбек Бабановдун Чүйдөгү жеңиши бул анын партиялык структурасынын жакшы иштегендигине, каржы ресурстарын жана регионалдык идеологияны эптүүлүк менен пайдаланышына байланыштуу болгон. Ошондуктан жогоруда аталган аймактык лидерлердин “ооз көптүрө” айта турган, артыларынан ээрчий турган электораты деле жок. “Биз чүйлүктөр” дешкени менен иликтей келсе Чүйдү тарыхый жердеген накта солто уруусунан кимиси бар?  Туйгуналы Абдраимов моңолдор, Канат Исаев сарыбагыш, Иса Өмүркулов саяк, баары кыргыздын башка аймактарынан Чүйгө ооп келген уруулардан. Бирөөсүнүн да Бабановго же Атамбаевге теңелчү электоралдык, каржылык, медиа жана башка ресурстары жок.

Мухаммедкалый Абылгазиевди арты таза, саясый интригаларга аралашпаган, артынан сөз ээрчибеген башкаруучу дедик, анын фонунда Туйгуналы Абдраимовду, Канат Исаевди, Иса Өмүркуловду, Темир Сариевди ошентип мактай алабызбы? Ушул аты аталган талапкерлердин Абылгазиевден эмнеси артык? Уюштуруучулук жөндөмдөрү ашыкчабы, жок. Баары коррупциялык кылмыштарга шектелген, экөөсүнө кылмыш иштери козголгон. Булар бийликке (премьерликке) келсе дароо экономика менен социалдык секторду экинчи орунга жылдырып, саясый интригаларга аралашары айдан-ачык. Бара-бара Конституциядагы премьер-министрдин ыйгарым укуктарына шылтап, өз оюндарын жүргүзүп,  келерки парламенттик жана президенттик шайлоолорго даярданышат.

Ошондуктан жогоруда аты аталгандарга ишенип, Мухаммедкалый Абылгазиевге алмаштыруудан Кыргызстан эмне утат? Бизде жаңы өкмөттү дайындоодо саясый интригалар, аймактык жана кландык кызыкчылыктар эмес, качан саясый-экономикалык программалардын атаандаштыгы башкы орунга чыгат?

Экинчи дагы бир коркунуч, булардын айрымдары Россиянын жана Казакстандын олигархтары менен атайын кызматтарына кулмүнөз адат менен кызмат кылгандар. Абылгазиевдин өкмөтү отставкага кетет дегенден бери жаны тынбай Россия, Казакстан менен байланышып, алар аркылуу кыргыз бийлигине таасир берүүгө жанталашууда. Бекеринен казак бийлиги Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Казакстанга киргизүүгө тыюу салып, азыркы кыргыз өкмөтүнө көйгөй жасап жаткан жок. Россиянын президенти Путин март айында Кыргызстанга расмий сапар менен келгенде, чоң кредиттерге кол коёрдо “биз кредитти ушул кандидат премьер-министр болсо гана беребиз” деп президент Жээнбековдун колун бурап, Россиянын Кыргызстандагы резидентин премьер-министр кылабыз деген күчтөр да уйку көрбөй чуркашууда. Алар бир кезде 3 млрд доллар алтыны бар “Жерүйдү” Россияга ит бекер, 100 млн долларга 100% сатып жиберишкен. Казак олигархтарына Талас менен Чаткалдын алтын кендерин ит бекер карматышкан.

Ушуларды Абылгазиев менен алмаштырып Кыргызстан эмне утат?  Качанга чейин Кыргызстанды Россия менен Казакстандын марионеткалары башкарат?

Жогорку Кеңеш. Өкмөттүн алмашына парламент да кызыкдар. Аларга да кызмат ресурстары керек, эч кандай программалардын атаандаштыгын талап кылышпайт. Башкаруучу коалиция кайрадан кызматтарды бөлүштүрүшөт. Тымызын аукциондорду уюштурушат. Акча жасашат. Алардын болгон кызыкчылыгы ошол. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин фракция лидерлери министрликтер гана эмес, агенттиктерге чейин, губернаторлор менен акимдерге чейин, алтургай “майлуу-сүттүү” ишканалардын жетекчилерине чейин бөлүштүргөндөй азыр да бөлүштүрөбүз деп чыгышат. Анткени фракция лидерлерине шайлоолордун алдында административдик жана каржылык ресурстар керек болот. Абылгазиевден артык кайсы талапкерди алып келишет? Ушул жагдайда Абылгазиевди алардын талапкерине алмаштыруунун кажети барбы?

Ушулардын баарын эске алганда бүгүнкү кыргыз бийлигине өкмөттү алмаштыруунун кандай кызыкчылыгы бар?  Анын ордуна тезинен Абылгазиевдин өкмөтүн күчтөндүрүш керек, иштей албай жаткан министрлерди кетирип, алардын ордуна профессионал жетекчилерди алып келиши зарыл. Убакыт аябай тарып баратат. Кийинки жылдагы парламенттик шайлоого бийликтин даярдыгы сезилбейт. Кыязы, шайлоодо бийликтин партиясы болбойт окшойт. Анда азыр кийинки шайлоодо парламенттин 50%ын алабыз деп жаткан “оппозициялык” күчтөр эми парламенттеги орундардын 70%ы үчүн күрөшөт. Бирок биздеги парламенттик шайлоодо каржы ресурстары гана натыйжалуу иштерин эске алганда кимдер жеңип келери белгилүү. Парламенттеги ал күчтөр күздөн баштап, келерки парламенттик шайлоого даярданып, бийликтин көзөмөлүнөн чыгып, бийликти укпай, саясый интригаларды уюштура башташат. Жаңы келген парламент анда бийликтин партиясы жок болсо бийликти чымын ордуна да көрбөйт. Кайрадан конституциядагы премьер-министрдин ыйгарым укуктары көтөрүлөт. Президент Англия ханышасынын деңгээлине түшөт. Парламентте, өлкөдө саясый бейстабилдүүлүк башталат. Президенттин кызмат учурундагы жана кызматтан кийинки коопсуздугуна коркунуч жаралат.

Президент Сооронбай Жээнбековду, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жана спикер Дастан Жумабековду аликүнчө эч ким коррупционер деп атай элек, арты таза саясатчылар. Ошондуктан бул триумвират коррупцияга каршы күрөштү мурда болуп көрбөгөндөй формада баштай алышты. Эки премьер-министр, эки Бишкектин мэри баш болгон коррупционерлер түрмөдө олтурат. Аскарбек Шадиевдин 1,5 миллиардка бааланган байлыгы элдин казынасына конфискацияланды. Бишкек ЖЭБден $111 млн уурдаган коррупционерлердин биринчи иши сотко өттү. Датка-Кемин, Түштүк-түндүк альтернативалуу жолу, Тарых музейиндеги коррупциялык  иштерге кылмыш иши козголуп, тергелип жатат. Кийинки бийликке келе турган күчтөр ушуну жасай алабы?

Андыктан бийлик Абылгазиевдин өкмөтүн күчтөндүрүп, шайлоого даярданбаса 2020-жылдан тартып өлкөдө бири-бирин укпаган саясый күчтөрдүн тиреши күчөп, кайрадан саясый бейстабилдүүлүк жараларынан эч кандай күмөн жок. Анткени өлкөдө саясый күчтөрдүн саясый-экономикалык идеологияларынын атаандаштыгы калыптана элек. Баарынын күрөшүнүн максаты – кызмат менен мансапка гана жетүүгө такалат. Жеткенден кийин Атамбаевге окшоп “мультимиллионер” болууга умтулат. Партия деген аты бар бирок заты жок саясый кландык топтордун кооз сүйлөгөндөн башка элге тарата турган, элге сиңе турган, өлкөнү оңдой турган реалдуу идеологиялары жок.

Булак: KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *