Бийликтин саясий куралына айланган соттор менен врачтар

Курманкул Зулушев, ЖКнын депутаты:

– Соттор жана врачтар эч качан жогорку жактын буйругун же башка кызыкчылыктар боюнча чечим кабыл албашы керек. Анткени, соттун чечими менен ошол адамдын укугу тебеленип, тагдыры бузулушу мүмкүн. Ал эми врачтардын туура эмес корутундусу же койгон диагнозу адамдын өмүрүнө коркунуч жаратат. Демек, буйрук аткарган сот менен врачты мыйзам алдында аёосуз жоопко тартып, сабак кылуу керек. Ошондо бир дагы сот же врач мыйзамсыз иштерди жасабай калат. Акыркы 7-8 жылда саясий буйрук аткарган бир дагы сот же укук коргоо кызматкери жоопко тартылбагандыгы, эң өкүнүчтүү. Себеби, мыйзамсыз иш кылган соттор же укук коргоо кызматкерлери жазасыз калгандыгы бул келечекте дагы мыйзамсыз иштердин болушун шарттайт.

Осунбек Жамансариев, адвокат:

– Батукаевдин бошотулушуна катышкан врачтар, соттор, талкуу жаратууда. Ооба, мындай учурлардңн орду бар экени талашсыз. Сот жана врачтар саясат эле эмес башка учурлардан да, тилекке каршы алыс боло алышпай келет. Кыргызстандын чоң көйгөйү, ошол иштер чечилбес маселе бойдон калууда. Саясаттын ана башчылары, мыйзамга төп келген иш жана чечим кабыл алынышына көмөк көрсөтсө жакшы, а мыйзамсыз иш жазаттырышканы, бул кылмыш. Ошолор жөнүндө кеп болгону туура. Мындайча айтканда, кимиси болбосун мыйзамсыз иш жазаганы, жазаттырганы, жооптуу болуш керек. Жоопкерчилик институтун күчөткөн учурда гана баардык мыйзамсыз иштер токтойт. Башка жол жок.

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:

Азыр соттор, милиция, врачтар бийликтин гана сөзүн сүйлөп жатканы чындык. Батукаевди чыгаруу учурунда парламенттин спикери катары, Атамбаевдин эки жакын адамы болсо, ошонун бири болгон Асылбек Жээнбеков айтып чыгышы керек болчу. Ошол себептен булардын дагы күнөөсү бар. Азыркы Батукаевдин чыкканын козгоп чыгуу өзүнчө бир саясат. Батукаевдин иши элди алаксытуу, оюн буруу үчүн чыгарылган саясат. Азыр экономикалык секириктерди кыла албай, элди алдоо максатында чыгарылган нерсе.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

– Врачтар гана эмес мугалимдер дагы, деги эле бардык аткаруу бийлигинин өкүлдөрү саясаттан тышкары болушу керек. 2016-жылы бузулган бийлик ортосундагы тең салмактуулукту кайра кайтаруу керек. Ал үчүн мамлекеттик кылмыштарды Улуттук Коопсуздук кызматына бергени менен анын алдына сотторду, аткаруу бийлигин, парламентти алып келип койгонбуз. Ошондуктан, тең салмактуулук иштебей жатат, бир жакка гана көз каранды болуп кете берет. Бүгүн Улуттук Коопсуздук кызматынан коррупция менен күрөшүүнү чыгарыш керек. Андан тергөө маселесин да алып салыш керек. Улуттук Коопсуздук кызматы эң жабык орган болгондуктан коррупция менен күрөшө албайт.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

Сот системасы адамдын татыктуу жашоого болгон укугун коргой турган бирден-бир орган. Бирок, бул бизде акыркы кезде популистик демократиянын оюнчугу болуп келүүдө. Акыркы 10 жылда өзгөчө медицина менен сот тармагы бийлик менен байлыктын балка-чоту болуп калды. Батукаевдин айланасындагы чырмалышкан саясий жана криминалдык окуялар буга күбө. Бийлик менен криминалдын мамлекеттик башкаруудагы биргелешкен коррупциялык схемаларынын бир чоң көрүнүшү.

Булак: «Факты.kg»

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *