Бийликтин жасалма лидерине айланган Жеңиш Молдокматовдун жели чыгабы?

Жеңил пиар элге жукпасын кийинки чыгып келаткан саясатчы болумуштар түшүнүшпөйт окшойт. Соңку жылдары «Замандаш» партиясына мине калып, бийликтин колдоосу менен жасалма түрдө коомдук ишмерге айланып келаткан Жеңиш Молдокматовду мисалга алалы. Башта кожоюндар Молдокматовду белгилүү эксперттердин, депутаттардын катарына коштуруп, жаттама ой-пикирин айттырып келген. Эми болсо саясатчылар аны мактай башташыптыр. Таппасаң сыйпалап кал! Лидер деген жеңил-желпи эле чыга калып, оңой-олтоң ордун таба калбайт да. «Куурчак каармандарды» Акаев, Бакиев жана Атамбаев да жасаган, алар кайда азыр? Качып жоголушкан, же эл карай албай жүрүшөт, айрымдары түрмөдө отурушат. Адатта, бийлик кайсы бир саясатчыны жөлөп-таяп, административдик ресурс менен элге кошсо да, аягы оор шарттардан сынып калары шексиз. Жеңиш Молдокматовдун элге кандай эмгеги сиңгенин билбейбиз, бирок өзүн бараандуу көрсөткөнгө далалаттанганы, кимдир бирөөлөрдү туураганы, жаңы муундун эң алдыңкы өкүлү катары көрүнүүгө жанталашканы байкалат. «Таанышың болсо танкасың» деген түр менен канчага чейин жүрөр экен? Башкасын айтпасак да, партия лидери болуу үчүн өз алдынча чыкса болбойт беле? Айталы, Канатбек Исаев «Кыргызстанды», Алтынбек Сулайманов «Бир Болду», Бакыт Төрөбаев «Өнүгүү-Прогрессти» түптөгөнү белгилүү. Ал эми Жеңиш Молдокматов раматылык Мухтар Өмүракуновдун «Замандашына» ээ боло калып, даяр оокаттын үстүнөн чыккандай образды жаратып атпайбы, туурабы? Бийлик бир жагынан көчүгүнөн түртүп атса, эл деле баарына күбө болуп атат да, эртең көпчүлүк катмар тескери бурулуп кетишсечи? Бул жагын азырынча эч ким эсепке албай атат, шайлоо жакындаганы дагы далай былыгы чыгып, оңкосунан кетип, очорулган бойдон турбай калбайбы?..

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *