Билим берүүнүн таш талканы чыкты…

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева иштеп жаткан кызматына татыктуубу? 

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер: “Анын мурдун “балта кеспеген” мүнөзү бар экен!”
– Керемет суроо, мен ушул суроону тартынбай эле ошол министр Кудайбердиеванын өзүнө берет элем! Бирок анын мурдун “балта кеспеген” мүнөзү бар экен! Мамлекеттин Билим берүү жана илим министри “эки ката эч нерсе эмес” – деп отурса анан андан башка жоопту күтүүгө болбойт да! Мен 1990-жылдан 2009-жылдары райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келгенмин. Ачыгын айтканда, билим берүүнүн далай күнгөй-тескейин көрдүм десем жаңылбайм! Айрыкча 1994-2004-жылдар эң оор жылдар болгон. Бирок ошол оор учурларда да министрлердин деңгээли ушунчалык төмөн түшкөн эмес! Анарбек Бакаев, академик Аскар Какеев, Ишенгүл Болжурова, Чолпон Жакыпова, Мира Жангарачева, Каныбек Осмоналиев эмне деген дөө-шаалар. Билими да, сүрү дабар инсандар эле да. Акыры бул кызмат орун майдаланып отуруп, айрыкча 2010-жылдан кийин атаке-батаке министрлер келип кыргыз билим берүү системасын плинтустан төмөн түшүрүп салышты! Илгери министрлик жалпы элди агартуучу Эл агартуу министрлиги деп аталчу. Кийинчерээк жалпы элдин сабатсыздыгы буюрса жоюлуп калды деп “Эл агартууну” Билим берүү минстрлиги, андан кийин дагы билимдүү-илимдүү болуп кеттик деп, азыркыча Билим жана илим минстрлиги деп аталып калган. Негизи билим берүү жагында далай көйгөйлөр көкөйгө тийип турат. Бирок жыйынтык нөл. Жаңыланууну эңсегенибиз менен жаңылануунун жытын искей албай ушундай чоркок, бирок “найза бойлогус” министрлерибиз менен дагы канчага чейин “быкшып” отура берээрибизди билбейм!

Гүлмира Үмөталиева, журналист, жарандык активист: “Бул айым уялбаган адам экен”

– Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева “кызмат” үчүн гана жармашкан министр экенин далилдөөдө. Эгер командасын уят кылгысы келбесе качан эле кетип калмак. Көрсө бул айым элди эле эмес, өзүн кызматка алып келген командасын дагы артка сүйрөп, баркын кетирүүдөн уялбаган адам экен. Билим берүү министри татыксыз болгон үчүн мамлекетке канча зыян келүүдө. Буга чейин мен окуу китептериндеги каталар, андан кеткен чыгымдар тууралуу айтып келгем. Жыйынтык дагы деле жок. Министр айым азыр айрым журналистгер менен блогерлерди жалдап, сын айткандар сунуш бербейт, министр иштен жатса көрбөйт деп жатат. РК ходуна аракет жасаганча сынды угуп, берилген сунуштарды аткарса болмок. Мен берген сунушу калды го кагазында аткарылбай. А азыр бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарындагы катага ким жооп берет? 65 миң аттестат жараксыз болууда. Канча убаракерчилик. Алардын кайдигерлигинен мамлекет канча чыгым тартат?.. Былтыр дагы бүтүрүүчүлөр аттестаттагы каталары үчүн чет өлкөгө кете албай, убагында окууга тапшыра албай калган. Кудайбердиева жаш балдардын тагдырын ойлоп койгон жок да. Ойлосо, быйыл ошол катаны кайталабайлы, ким жоопкерчиликтүү деп алдын ала иштемек да. Эч кандай маселе чече албаган министр мамлекеттик казынага чыгаша келтирүүдө. Ошондуктан кызматтан гана кетирбестен, “шалаакылык үчүн” кылмыш жообуна тартып, материалдык чыгашаларды төлөтүү керек. Ошондо гана кийинки келген министрлер дагы жоопкерчиликтүү болушмак.

Рита Карасартова, укук коргоочу: “Татыктуусу дайындалсын”

– Билим берүү тармагында эч кандай реформа жүргөн жок, эгер бийликке ошондой министр керек болсо, анда өйдө жактан келген тапшырманы аткарып отура берсин. Болбосо тийиштүү чечим кабыл алып, татыктуусун дайындасын.

– Менимче Билим берүү министрлиги-нин системасын учурдун талабына ыла-йык реформалабаса бир да министрдин иши канааттандырбайт. Учурдун, азыр-кы адамдардын талабына жараша бардык тармактарыбызды реформалоо керек!

-Темир Бирназаров, режиссёр: “Министрдин иши канааттандырбайт”

– Менимче Билим берүү министрлигинин системасын учурдун талабына ылайык реформалабаса бир да министрдин иши канааттандырбайт. Учурдун, азыркы адамдардын талабына жараша бардык тармактарыбызды реформалоо керек!

Каныбек Осмоналиев, профессор: “Билим берүү тармагы мышык ыйлаарлык абалда”

– Чынын айтыш керек. Азыр билим берүү тармагы мышык ыйлаарлык абалда. Анткени аталган кызматка акыркы жылдары билим берүү системасын түп тамырынан бери түшүнө бербеген парашюттан түшкөн кадрлар даярдалып жатат. Ошон үчүн билим берүү тармагында алдыга жылуу болбой, жылдан-жылга артка кетип, кечирилгис катачылыктарга жол берилип жатат. Билим берүү саясатындагы чоң катачылык бөлөк элдердин диверсиясына моюн сунуп, балдардын тагдырын талкалаганга жол бергенибиз деп айтаар элем. Мына ушундай нерселердин айынан билим берүү системасы жылдан-жылга кыйрап, ичиң ачыша турган абалга жетти. Бюрократия күч алды. Баарынан кызыгы, билим берүү саясаты жөнүндө президентке сунуш жөнөтсөм, ал сунушту мен иштеп жаткан КУУга жиберишиптир. Эми оңолбойт окшойбуз деп маанайым түшүп отурат.

Айбек Мырза, активист: “Билим берүү министри өз кызматына татыксыз”

– Билим берүү министри өз кызматына татыксыз. Реформа жүргүзгөн жок. Тескерисинче аталган тармактын таш-талканын чыгарып жатат. Ал турсун окуу куралдарын “Учкун” басмаканасынан бастырбай, тендерди эч кандай техникалык базасы жок компанияларга уттуруп, окуу куралдарын Индиядан, Түркиядан чыгарганга жол берип жатат. Бул нерсе билим берүү тармагында коррупциялык схемалар ишке ашып жатканын айгинелейт десем болот. Ошондой эле башка жактан бастырган китептердин сапаты да начар болуп жатат. Билим берүү министрлигинде катачылыктарды жоёлу, дүйнөлүк стандартка жетели деген аракет да жок. Кыскасы ал жакта коомчулуктун нааразычылыгына маани берген ата-энелердин митингге чыгып каршылык көрсөткөнүн эске алган жан жок. Эң негизгиси, коомчулуктун назарын бурган аттестаттардагы каталарга да көз жумган мамиле жасап жатат.

Чынара Капарова, журналист: “Билим берүү министри эле эмес, баары татыксыз”

– Билим берүү министри эле эмес, президент баш болуп, премьер-министр төш болуп татыксыз! Улуттук лидер жаралмайын мындай катачылыктардан, мамлекетти артка тарткан саясаттан өйдө боло албай калдык окшойт. Болбосо, билим берүү министри кетирген катачылыктары үчүн эбак эле жазаланып, жок эле дегенде кызматынан алынмак.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *