Бир айдын ичинде Кыргызстандын эл аралык резервдери  9,13 млн долларга көбөйгөн

Бул тууралуу 5-ноябрда Улуттук банк билдирди. 2019-жылдын 10 айынынын жыйынтыгы боюнча резервдер 2 млрд 294,86 млн долларды түзгөн. Бул акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүч. 2019-жылдын августунда гана резервдердин деңгээли жогору болгон – 2,3 млрд доллар. Бул негизинен октябрда Улуттук банктын валюта рыногунда интервенция жасабаганынан улам байланыштуу.

Жыл башынан бери резервдердин көлөмү 139,4 млн долларга көбөйгөн, ал эми 2018-жылдын октябрына салыштырмалуу 186,11 млн долларга өсүш болгон..

Улуттук банк резервдерди валюталык рыноктогу кундун тез түшүп же жогорулап кетишин жымсалдап туруу үчүн пайдаланат. 2018-жылы УБ 11 интервенция жасап, 20 млн 550 миң доллар сатып алып, 154 млн 550 миң доллар саткан. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Улуттук банк төрт жолу гана интервенция жасап, 86 млн 950 миң доллар саткан.

 Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *