Бир байкуш кембагал курман болгондон кийин миллионер экени билинди

Күнү кечээ Индиянын Мумбаи шаарында кырсык болуп өттү. Бидичанд Панарам Азад аттуу жергиликтүү тургун поездин алдында калып, курман болду. Полиция бул ишти дароо тескей баштады.

Күбөлөрдү сураштырып, ал жергиликтүү жакыр кембагал экенин аныкташкан. Кембагал ошол райондо жашап, көп жылдар бою тилемчилик кылып жан сактап келген экен. Тегерегиндегилер колунан келген жардамын беришчү тура: бири тыйын-тыпыр, бири тамак-аш берип дегендей. Бирок ал анчалык деле кедей эмес болуп чыкпаспы.

Полицейлер анын жашаган жерине киришсе, бир дубалына мүшөктөрдү жыйып алыптыр. Кичин ачышса, жалаң темир тыйындар менен толтурулган экен.

Укук сакчылар ал мүшөктөрдөгү тыйындарды саноого 8 саат коротушкан. Натыйжада 1,7 миллион рупий катып жүргөнүн аныкташты, бул болжол менен 24 миң АКШ долларын түзөт. Эмнеге кембагал  мынча майда тыйындарды пайдаланбай жашап келген – табышмак бойдон калды. Эми бар байлыгын өткөрүп берүүгө тууган-туушкандарын издеп жатышат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *