“Бир Бол” саясий партиясынын жаңыланган курамы жаңыланды. Алар Чынара Капарова, Гүлнура Төралиева…

“Бир Бол” саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов саясий кеңештин курамы жаңыланганын билдирди. Бул тууралуу партиянын Фейсбук баракчасында жазылат.

“Коомчулуктун талабын аткаруу ар бир партия лидеринин милдети деп эсептейм. Коом бүгүн тазаланууну талап кылып турат. Биздин партиянын курамы жаңыланды. Катарыбыз демилгелүү жаштар жана жаратман команда менен толукталды. Алар эл арасынан суурулуп чыккан, өз ишин мыкты билген адистер деп ишенимдүү айта алам. Жаңы курамда экономика, медицина, билим берүү, айыл чарба, маданият ж.б. тармактар боюнча эл аралык тажрыйбасы мол лидерлер бар”, — деди Алтынбек Сулайманов.

Курамда журналист Гүлнура Төралиева, диктор Чынара Капарова жана башкалар бар.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *