“Бир Болдун” депутаттары бутага алынабы?

Акыркы кездери “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов бийликтин дарегине кескин сындарды айта баштады.

Бул жагдайдан улам бийликтин троллдорунун чабуулуна кабылып, бир топ былыктары чубалды. Эми болсо “Бир Болдун” буга дейре арты таза эмес, куйругунда калбыры бар депутаттарына кылтак салына турганы айтылууда.

Бутага “Кыргызнефтигазды” банкрот абалга жеткизип, 258 миллион сом мамлекетке чыгым келтиргени үчүн кылмыш иши козголуп токтоп калган Исхак Пирматов менен кылмыш чөйрөсү менен байланышы бар делип айтыла калып жүргөн, “Душка” кайманы аты бар Дүйшөн Төрөкуловго кылмыш иши ачылышы мүмкүн болуп турат. Эми булардын тагдыры Сулаймановдун саясаттагы жүрүштөрүнө байланыштуу чечилиши мүмкүн.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *