Бир катар аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, аскердик милдетин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу бир катар аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Даңк» медалы менен:

Мукамбетов Руслан Мустафаевич — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын күжүрмөн даярдык башкармалыгынын начальниги, полковник;

Мусуралиев Азат Алаевич — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн «Капчыгай» чек ара заставасынын начальниги, улук лейтенант;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Аристокиев Айбек Жаныбекович — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128-аскердик бөлүгүнүн батальонунун командири, гвардиянын капитаны;

Белеков Уларбек Эрикович — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 75565-аскердик бөлүгүнүн радиолокациялык ротасынын командири, капитан;

Касманбетов Жаныбек Жумаевич — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын кадрлар башкармалыгынын начальниги, полковник;

Садиков Рустам Исмаилжанович — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 02626-аскердик бөлүгүнүн бронетанкалык кызматынын начальниги, подполковник.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *