Бир шоколад үчүн өз жанынан кечкен 14 жашар Эмирдин тагдыры

Никитин көчөсүндөгү №16 көп кабаттуу үйдүн короосу. Дал ушул үйгө 11-октябрда 14 жашар Эмир кирген.

“Азыр чоочундарды подъездге киргизгенден да чочулап калдык, – дейт отуз жаштардагы бою пас келин, анан оор үшкүрүнүп сөзүн улады: – Кудай, ай, эгерде ошондо бул жакка ал эмнеге келгенин билсем, сүйлөшүп, аман алып калат элек го… Байкуш бала… Бир ооз эле айтып койсо эмне?…”

14 жаштагы Эмир подъездге кирип, лифт менен 7-кабатка көтөрүлгөн. Аянтчадан ачык терезени көрөт. Терезенин кыры бийик болгондуктан, бир эшикти шыңгыратат. Эшикти ачкан келинге кошунасы экенин, үйгө коноктор келгенин, бир олтургуч жетпей жатканын, залог катары 100 сом бергенге даяр экенин айтат. Келин акчаны албай, турмушта боло берет деп, бир олтургуч алып чыгат, кичине балага кантип жок демек эле…

Ал дагы бир нече көз ирмем терезе кырында олтурат. Ошол ирмемдерде жеткинчек баланын көкүрөгүндө эмне турду десең? Эмнени ойлонду? Келин сыртка чыга калса эле, терезенин кырында бала турат. Көзүн ачып-жуумп чуркаганча, бала терезеде жок… Кыйкырган бойдон төмөн чуркайт… Жардам чакырат… Бардыгы кеч эле…

Бул атанын башына салгыз окуя атасы Нурбек Казаков болбосо, милициянын реестринде чакан кабар катары калып кете бермек. Башын кайгы, көзүн азап жеген атасы айласы кеткенде, бизге кайрылыптыр. Баласын жан кечкен абалга жеткиргендерди күнөөлөп олтурат. Анткени, келечекте Эмирдин ордуна башка бала да болуп калышы мүмкүн.

Ал азап салган күнү Эмир түш менен мектептен үйүнө келет. Атасы Нурбек Кеңешович үйүндө эле. Жума күн. Окуу жумасынын соңу. Олтура калып, үй тапшырмаларды аткарат. Анан достору менен сейилдеп келгенге суранып үйүнөн чыгат. Атасы да ал балдарды жакшы тааныйт – классташтары. “Мен аларды жакшы тааныйм. Балдардын бири – Акзам. Бишкектин кадимки окуучу балдары. Мен Эмирге “бир нерсе алып жегиле же компьютер ойноп келгиле” деп 500 сом бердим. Аны сыртка узатып коюп, өзүм иштерим менен бир жакка кеткем. Анан эле толкунданып, класс жетекчиси чалып калды. “”Чынар” ГУМундагы “Алма” гипермаркетинен балдарды кароолчулар кармап алышыптыр, шоколад уурдашыптыр. Балдарды коопсуздук кызматкерлери подвалга кармап, менин балам Эмир качып кетиптир. Ошол бойдон жок экен. Кайда экенин эч ким билбейт экен”, – деп атасы Нурбек оор үшкүрдү.

– Мугалим менин шашылыш барышымды суранды. “Кароолчуларга акча алып алыңыз” деди. Алгач мугалимге чалып, акча сурашкан окшойт, – деп Нурбек Кеңешович сөзүн улай берди, – мен алгач баламдын кайда экенин билгим келди. Телефон чалсам, балам алды. “Кайдасың?” десем, “Чыгыш-5” кичирайонуна жетип калганын айтты. “Эмне болдуң?” десем, “Папа, биз шоколад уурдадык” деди да, трубканы коюп салды. Кайра чалсам, телефонун өчүрүп салыптыр. Кайра-кайра чала бердим, бирок телефону өчүк. Тимеле жүрөгүм мыжылып кетти. Ал эч качан сөздү бөлүп, телефонду коюп салчу эмес. Менин коюшумду күтчү. Шашылыш алдынан тосуп чыкканы жөнөдүм”.

Эмир үйдө жок экен. Короодо да жок. Улуу баласы менен бүтүндөй районду кыдырып чыгышат – интернет-клубдарды, спорт аянтчаларын, короолорду. Бала эч жерде жок. Саат кечки жетилер болот. Күүгүм кирип, жаан себелеп кирет. Эмирди издеп, классташтары да кошулат. Бардык жерди кыдырышат, болгон досторуна, туугандарына телефон чалышат. Эч табышпайт. Эмир эч кимге да телефон чалбаптыр.

– Саат тогуздарда соода борборуна бардым, – дейт Нурбек, – Кире беришинен коопсуздук кызматын сурадым. Мени подвал жагына алып барышты. Бир нече кызматкерлер турган экен. “Эмне болду? Балам кайда?” десем, беттен алышты. “Сенин уулуң – ууру. Ал шоколад уурдады! Көпкө чейин сурак жүргүздүк, мойнуна алды, сенин номуруңду берди, анан “култ” этип колубуздан чыгып, качып кетти”, – дешти. Мен: “Эмнеге милиция чакырган жоксуңар? Баланы кармап, сурак жүргүзгөнгө кандай акыңар бар эле? Эми мен баламды каяктан издейм?” десем, “Сен, эмне, бизге акыл үйрөткөнү келдиңби? Бар, менттерге барып арыз жаз! Ошолор таап берсин!” деп киришти. Мен балдар менен антип сүйлөшүүгө болбостугун, кармаганга акылары жок экенин, өзүм юрист экенимди, ата-энесиз бала менен сүйлөшүүгө болбойт экенин жай түшүндүрсөм, кыйкырып-өкүрүп мени жаман кылышты. Убакытты текке кетирип жатканымды түшүндүм.

Ал учурда Эмирдин жаны эчак учуп кеткенин эч ким билбейт эле. Милиция бул тууралуу кечирээк кабарлайт. Кароолчуларды кудай сактаптыр, ошол учурда атасы баласынын өлгөнүн укканда, аларды эмне кылат эле? Ушунча күн өтсө да, атасынын көзүнөн кароолчуларга заары чыгып, муздак муштумун түйөт…

Соода борборунан кетип, атасы дагы бир сыйра улуу баласы менен  “Чыгыш-5ти” кыдырып чыгат. Суу болушуп, чарчашып, түнкү он бирде милицияга кайрылышат.

– Баламдын кебете-кешпирин айтып берсем, күзөттөгү милийса “Жүрүңүз” деп калды. Дароо чоңуна алып жөнөдү. Ошондо жүрөгүм жаман нерсени сезгендей болду.  Кабинетте мени менен сылык-сыпаа сүйлөшө башташты. Ошондо Эмирим менен бир нерсе болгонун дароо түшүндүм. “Сиз айткан балага окшош бала кечинде көп кабаттуу үйдөн секирип, жан берген” деп баланын сүрөтүн көрсөтүштү. Сүрөттө: менин Эмирим, кулунум менин.

Соода борборунан ал секирген үйгө чейинки аралык – жөө 30 мүнөттүк жол экен.  Бала бир нече саат шаар кыдырып, ошол райондо жүрө берген окшойт. Эмнеге үйүнө, ата-энесине барган эмес – белгисиз.

– Мен Эмирим үчүн эң жакын адамы элем. Менден эч нерсе жашырчу эмес. Сырдашчубуз, ойночубуз, сүйлөшчүбүз. Атасы гана эмес, досу дагы болчумун. Балам аябай боорукер, кең пейил эле, жанына балдарды чогултуп алчу. Бардыгы жакшы көрүшчү, сыйлашчу. Кийин милициядан сурап жатышпайбы: “Үйдө, мектепте проблемасы жок беле:” деп. Кайдан? Эч проблема болгон эмес. Телефону да табылбай калды. Сим-картасын калыбына келтирип, соцтармактарда кимдер менен сүйлөшкөндөрүн карадым. Кадимки эле жеткинчек балдардын сүйлөшкөн сөздөрү. Өзгөчө эч нерсе жок.

Нурбек Кеңешович баласын жанынан кечүүгө жеткирген кароолчулар экенинен шек санабайт экен.

– Подвалда аны эмне кылышты? Ушунчалыкка барыш үчүн аябай жаман кылышса керек да. Коркутушканбы? Урушканбы? Эмне кылышса да – таңгалбайм. Алар мендей чоң киши менен кантип сүйлөштү? Кыйкырып-өкүрүп, сөгүп-сагып… Анан кичинекей баланын жүрөгүнүн үшүн алып коюшту да. Кечиресиздер, көчөдөн көрүнгөндү жумушка ала беришип… Ой, балдар тентектик кылышыптыр да. Шоколаддын деле кереги жок болгон. Чөнтөгүндө тыйыны турса. Кадимки эле балалык азгырык. Бири-бирине кыйынсынышса керек да. “Уурдай аласың, уурдай албайсың!” болушуп. Балдардын психологиясы ошондой. Сөздөн-сөз чыгып… Жан-дүйнөсүн кытыгылаган бир нерсе керек болду да. Биз деле корообузда толтура алма өсүп турса да, коңшунукуна ууруга кирчү эмес белек. “Коркоксуңбу?” деген эле сөз балага кандай катуу таасир берет. Бул уурулук эмес, балалык оюн. Атүгүл мыйзам боюнча 16 жашка чейинки балдарга жаза берилбейт. Анан кичинекей балдарга кылмышкердей мамиле жасаса болобу? Алардын жаш курагында бардыгын башкача кабыл алышат. Биз үчүн болбогон нерсе – алар үчүн чоң трагедия! Эмир кулунум да катуу кабыл алса керек да. Чоң кишилердин алдында басынып, моралдык жактан сынып калган. Анан абийири таза жаны… Анын ордунда ар бир бала болуп калышы мүмкүн, сеники, меники, аныкы. Ким аларды коргоп калат, ким өлүмдөн сактайт?


Күн кеч кирип барат. “Чынар” ГУМ соода борборунун жанында толтура балдар жүрөт. Мектеп сомкелерин көтөрүп, бири-бири менен ойноп. Жанында өзүнө азгырган гипермаркет. Өздөрүнчө түртүшүп, күлүп, чурулдап сүйлөшүп жатат. Кире бериште – кароолчу. Кадимки эле кароолчу. Атайын көк кийими, «секьюрити» деген жазуусу бар, ал айланасын шерифдей карап турат. Жанына басып бардым. Көзүн карасам, өзүн мыйзам катары сезет экен. Өзүмдү тааныштырып, 11-октябрдагы окуяны сурадым. Ал өзүн жоготуп, рациясы менен бирөөнү чакырды. Коопсуздук кызматынын жетекчиси жок болуп чыкты. “Администрацияга кайрылыңыз”, – деди. Анысы үчүнчү кабатта экен. Эшиктердин бардыгы бекитилүү. Биринчи кабатка түшүп, кассир кыздан сурадым. Эч кимиси журналист менен сүйлөшкүсү келбейт экен. Коркуп, бардыгы качып туруп алышты. Кичинекей балага эр болгон кароолчулар каякта? Жымжырт, менден качкан эле кызматкерлер. Нурбек Кеңешович Бишкектин Свердлов раойндук прокуратурасына арыз менен кайрылды. Арызында соода борборунун коопсуздук кызматы менен администрациясына юридикалык баа берилишин талап кылды. Баланын өлүмү боюнча милиция да текшерүү жүргүзүп жатат. Биз дагы бул окуяны көз жаздымда калтырбайбыз. Коомчулук тескөө амалдары кандай жүрүп жатканына кайдыгер болбошу керек. Бардыгыбыздын балдарыбыз бар.

Юрий Копытин, фотолор автордуку

KyrgyzToday.kg кыргызчалады

Булак: Delo № гезити

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *