Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасына бир суткада эле 310 бейтап кайрылган

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде эле 310 бейтап кайрылды, алардын ичинен 253ү жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-январда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, кайрылгандардын 80и ооруканага жаткырылган. Алар курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары жана вирустук инфекциялар менен кайрылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *