“Бирге окуйбуз” долбоору мектептерге китептерди тапшырды

” Жалал-Абад шаарындагы жыйырма  мектептин башталгыч класстары  үчүн кыргыз тилинде 2800 дөн ашуун китеп тапшырылды. Жалпысынан ЮСАИД Кыргызстандын мектептери үчүн 264 миңден  ашык китептерди тапшырган. Бул тууралуу маалыматты аталган долбоордун Жалал-Абад областы боюнча мониторинг жана баалоо координатору Айпери Калбекова билдирди” – деп маалымдады Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.

Айпери Калбекованын айтымында, китептертерди тапшыруу расмий аземи Жалал-Абад шаарындагы №3 Ж. Бакиев атындагы орто мектепте өткөрүлдү.

-Шаардагы ар бир мектеп 123 китептен алат. Алар алгачкы окурамандарга ылайыкталган, кыргыз тилинде жазылган жомоктор, окуялар, табышмактар жана ырларды камтыган китептер. Китептер ЮСАИДдин “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында берилип жатат. Аталган долбоор өлкө боюнча 60 пайыз мектептерде иштеп,башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жогорулатуу максатында болуп жатат,-дейт ал.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *