Бирик кыргыз, бириккенде байрагың бийик кыргыз!

Жаңы түзүлүп жаткан партиялар боюнча айтып оозубузду жыйганча жаңы түзүлгөн бир партиянын аталышы көңүлүбүздү бурду. «Бирик» деген саясий пар­тия түзүлүптүр. Жакшы аталыш, бирок, маңызы кандай болот суроо ушул жерде. Айталы дегенибиз кандай пар­тия түзүлсө дагы, аталышы менен ички маңызы дал келсе. Биздин байкашыбызча, «Бирик» саясий партиясынын арышы кенен көрүнөт. Дегенибиз, түзүлгөнүнө кыска убакыт болсо дагы баннерлери өлкө аймагы боюн­ча илинип, дымактуу арыш шилтеп бара жатышат. Аталган партиянын лидери Кылычбек Исамамбетов экендигин биле алдык. Ал эми партия тууралуу кененирээк маалыматты кийинки сандарыбызда жарыяламакчыбыз.

Булак: Де-Факто 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *