Биринчи байлык – ден соолук: Шыпаага  жаралган доктур

Азыр эмчи, домчулардан баш айланып, эмне кыларды билбей калдык. Алардын колундагы теспелери, камчылары, ар кандай түстөгү таштары деле кыйналган жанды жайгара албасын билсе деле болбой агылып келе беришет сыркоологондор. Илгери  оорунун эки эле түрү болчу эле ысык анан суук деген. Эми болсо капыстан анализ тапшырсаң баягы шекшинген ооруңдан сырткары ондон ашуун илдетти жабыштырып салат доктурлар. Анан жүгүрүп дарыканадан ар кайсы дарыларды очойтуп сатып аласың. Эмнеси болсо да түйшүк деген мойнуңдан түшпөйт.

Менин да башымдан көп кыйынчылыктар өттү. Кырсык болуп курулушта иштеп жүрүп бийик жерден кулап түшүп азапты жегем. Андан бери кыйла убакыт зымырады. Барбаган жерим калбады. Учурда дале болсо доктурлардын жардамына муктажмын. Өзүм райондук бейтапканадан окчунураак жерде жашагандыктан барып доктурга көрүнүү кыйынчылык жаратып келет. Ошентсе да эчки жаралганда бир түп шыбак кошо жаралыптыр дегендей эле кептин акыйкаты бар экенин туйган кезим. Анткени Токтогул райондук больницага Максат Мамытов деген доктур  пайда болгондон бери түйшүгүбүз кыйла жеңилдеп калды. Ал башкаларга окшоп эзе бербейт. Колунан келген көмөгүн реалдуу түрдө көрсөтүүгө ниетин бургандыгы барган сыркоолуунун үмүтүн гана арттырбастан оорусунан айыктырып жатканы кубанарлык көрүнүш. Мага да өзгөчө ыкмасы менен мамиле жасап, ынтаасын койгондуктан баштагыдан оңолуунун жолуна түшкөнүмдү жон терим аркылуу сездим. Кээде байланышка чыксаң убара кылбай эле мындай кылыңыз деп туура дарыланууну айтып койгону  ого бетер ишеним жаратты.

Тилекке каршы анын мындай артыкчылыгына тескери карагандар бар экенин да айта кетейин. Башта сыркоолорду иш бөлмөсүнөн кабыл алып  карап жардам берсе азыр болсо аны тез жардамга бөлүп койгондуктан издегендер ошол жактан табышат. Антсе да Максат  кайрылгандардын шагын сындырбай убакыт таап каралашканга ынтызар. Көрсө жакшы шыпаакерге кайдан караш маселе жаратпайт экен. Тамырын кармап, топтолгон медициналык иш тажрыйбасын колдонуп сыркоологондордун так диагнозун коюуга жетишкени өзгөчө сапаты экенин баса белгилеп коёлу. Бир сөз менен айтканда касиеттүү жергебизге Мамытовдой иш билги доктурдун келгени биз үчүн чоң олжо десек бап келет. Акырында ушундай элдин керегине жараган доктурдун  бар экенине сыймыктанабыз деген кепти айта кетмекчимин.

Акынбек Аргынбаев, Токтогул району

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *