Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кой-Таштагы окуялар боюнча сот отурумун 11-ноябрга чейин узартты

Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кой-Таштагы окуялар боюнча сот отурумун 2020-жылдын 11-ноябрына чейин узартты. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева билдирди.

Ошондой эле, сот өзүнүн чечими менен Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Рыспек Карыпбек уулу жана Канат Осмоналиевге карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын узартты.

Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, Нооруз Капарбек уулу, Амангелди Какебаев жана Марат Шаманов үй камагында калышты.

Эске салсак, 2019-жылы 8-августта Кой-Таш айылында УКМКнын атайын багыттагы аскерлери кезектеги чабуул учурунда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармашкан. Анын тарапкерлери Бишкектин борборунда митинг жана баш аламандык уюштурууга аракет кылышкан. Бирок, укук коргоо органдары кырдаалды көзөмөлдөп турууга жетишти.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин “Киши өлтүрүү”, “Адамдын өмүрүнө кол салуу”, “Барымтага алуу”, “Жапырт башаламандык”, “Бейбаштык”, “Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн жогоруда аталган фактылар боюнча күнөөлүү деп эсептейт. Атамбаев баштаган айыпталуучулар аны четке кагып жүрүшөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *