Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Тышкы иштер министрлигинин эмгек жамаатына Руслан Казакбаевди тааныштырды
Кызмат-мансап Расмий кабарлар

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Тышкы иштер министрлигинин эмгек жамаатына Руслан Казакбаевди тааныштырды

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри болуп дайындалган Руслан Казакбаевди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды.

Биринчи вице-премьер-министр жаңы дайындалган министрдин тышкы саясаттагы тажрыйбасына токтолду.

«Руслан Казакбаевдин дипломатиялык кызматта чоң тажрыйбасы бар. Баарыңар жакшы билесиңер, айрымдарыңар чогуу иштешкенсиңер. Бүгүнкү кырдаал оңой эмес, бирок биз биргеликте өлкөнүн дүйнөлүк аренада позициясын бекемдөөгө жана алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө өз салымыбызды кошо алабыз деп ишенем», – деди Артем Новиков.

Ошондой эле министрликтин ар бир кызматкеринин өлкөнүн позитивдүү имиджин калыптандыруудагы жана анын кызыкчылыктарын коргоодогу жоопкерчилигине көңүл бурду.

«Биздин алдыбызда турган маанилүү милдет – экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүү. Бул блокту өркүндөтүү керек. Тышкы карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу жана реструктуризациялоо боюнча ишти улантуу керек», – деп биринчи вице-премьер-министр сөзүн жыйынтыктап, жаңы дайындалган министрдин ишине ийгилик каалады.

Япония Кыргызстанга акысыз түрдө коронавирусту табуу боюнча 2000 тест берди

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт

Январь-август аралыгында Кыргызстанда орточо айлык акы – 236 долларды же 16,4 миң сомду түзгөн