Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов: “Улуттук энергохолдингдин карызы – 103 млрд сом”

Улуттук энергохолдингдин карызы боюнча 2019-жылдын 30-октябрында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко (“Ата Мекен”) суроо берди. Биринчи вице-премьер К.Боронов карыздын жалпы суммасы 103 млрд сом экенин айтты. Депутат айым бул сумма чектен чыкканын айтты эле, өкмөт өкүлү буга макул болду.

Н.Никитенко карыз элге зыян келтирбестен, жабылышы керектгин айтып, “Ушунча карызы болсо, анда энергосектордогу реформанфын жүргөнү кайсыл?” деди. К.Боронов жалпы карыз – 800 млн долларды түзүп – бул кытай банкынын алдындагы карыз экенин түшүндүрдү. Ошондой эле карыз жабылгандан кийин холдинг пайда таба баштарын да айта кетти.

Бул маселе 2019/2020-жылдардагы күзгө-кышка даярдык боюнча өкмөттүн иши жөнүндө токтом долбоору каралып жатканда айтылды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *