Биринчи жолу Кыргызстанда көркөм онлайн-галерея жасалды

Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейи ARTMUSEUM.KG жаңы домендеги сайт ачты. Онлайн-галеряда 4 миң сүрөт, айкелдер боюнча миң эмгек коюлат.

Бул сайтта көп маалымат бар. Ар кайсыл багыттар (көргөзмөлөр, мастер-класстар, лекциялар, тегерек үстөлдөр, бетачарлар) боюнча музейдин ишмердүүлүгүн чагылдырган бөлүмдөрү бар. Сайттын дизайны дагы заманбап жасалган. Кабыл алууга жеңил, авторлор менен жанрларды табуу оңой.

Бул галерея “Маданият жана искусство боюнча Борбордук Азиядагы түйүн” коомдук бирикмеси демилгелеп, “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосуу менен ишке кирди.

Эми искусство сүйүүчүлөр бай коллекцияны үйүнөн, көчөдөн, транспорттон көрө алышат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *