Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдөгү шаарлардын ичинен биринчи орунду ээледи

20-ноябрга караган түнү Кыргызстандын борбору Бишкек абанын булганышы боюнча “Дүйнөлүк аба сапаты” рейтингинде биринчи орунду ээледи. Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек төртүнчү орунду ээлеген.

Азыр Кыргызстандын борборундагы абадагы майда PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн курамы 213,6 мкг / м³ жетип, орточо күндүк нормадагыдан 8,5 эсеге, ал эми PM10 бөлүкчөлөрү 234,7 мкг / м³ ашат, бул орточо күндүк нормадан 3,9 эсе жогору.

Экинчи орунда Бангладештин борбору – Дакка шаары, үчүнчүсү Афганистандын борбору – Кабул жайгашкан.

Ошондой эле Дели, Улан-Батор, Калкутта, Лахор, Мумбай, Нур-Султан жана Бангкок анти-рейтингдин алдыңкы 10 сабына кирди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *