Бишкек-Ош унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып ачылды

2018-жылдын 28-февраль күнү саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында көлөмү 720м3 кар көчкү түшүп, унаа жол каттамы убактылуу жабылган.

Жабыркагандар жок.

Кар көчкүнү тазалоо үчүн №23 жол тейлөө ишканасынан  1 жүктөгүч, 1 бульдозер жана 1 МДК МАЗ 242 тартылган.

Тартылган техникалардын жардамы менен унаа жолу кар көчкүдөн өз убагында тазаланып, саат 15:30да жол каттамы толук ачылган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *