Бишкек-Ош унаа жолунда адам өмүрүн алып кеткен жол кырсыгы катталды

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 1 киши каза болуп, 4 жаран ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош облустук ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Прогресс айылында болгон.

«Өзгөн районунун тургуну ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, КамАЗ унаасын сүзүп кеткен.  Кырсыктын кесепетинен улам жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, 22 жана 20 жаштардагы төрт жүргүнчү  жаракат алышкан», — дейт маалыматта.

Булак: KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *