Бишкек шаарындагы 7 миӊ 900 объектиге 24 миӊ видеобайкоо камерасы орнотулууга тийиш

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин «Ата Мекен» фракциясынын кезектеги жыйынында «Сырткы видеобайкоо жөнүндө» мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча «Ата Мекен» фракциясынын 2016-жылдын 22-январындагы чечиминин аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат угулуп жатканда белгилүү болду

Ички иштер министри Курсан Асановдун айтымында, мыйзамга ылайык, Бишкек шаарындагы 7 миӊ 900 объектиге 24 миӊ видеобайкоо камерасы орнотулууга тийиш. «Биз дагы мыйзамдын толук аткарылышына абдан кызыкдарбыз. Ал кылмыштын алдыналууга, жарандардын коопсуздугунун корголушуна түрткү берет. Ушул жылдын январь айында эле ордо калаадагы 93 объектиге 1865 камера орнотулду. Азыр алардын саны 9605 видеокамерага жеткени тууралуу маалымат алдык», – дейт ал.

Андан сырткары, Курсан Асанов Ош шаарында 16 объектиге 73 камера орнотулганын, дагы 56 объектиге жок дегенде 3-4 камерадан орнотуу зарылдын белгиледи. Ал мыйзамды аткарбаган жактардын жоопкерчилиги кароо үчүн Административдик кодекске өзгөртүү киргизүү чарасы мерчемделип жатканын кошумчалады.

Фракция мүчөлөрү Бишкек жана Ош шаарларынын жетекчилигине, Ички иштер министрлигине мыйзамдын аткарылышын ыкчамдатып, аларды көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *