Бишкек шаарынын мэринин м.а. Нариман Түлеев кандай учурда кызматтан кетүүгө даяр экендигин айтты

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-мэр Нариман Түлеев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында өзүнүн кызмат ордунан эмненин негизинде кетүүгө даяр экендигин билдирди.

Ал окурмандарга жана жарандарга туруктуулугу үчүн, колдоо сөздөрү үчүн, өз укуктарын коргой алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирет.

“Алар бизди канчалык коркутпасын, биз мыйзамдуу жол менен күрөшөбүз. Мен буга чейин айткандай, мэрдин тагдырын шаардыктар гана чечет. Каалаган адам, канчалык күмөндүү көрүнбөсүн, КРнын жараныбы же жокпу, өзүн бийликте сынап көрүүгө укуктуу, бирок мындай жол менен эмес” – деп жазган ал.

Түлеев шаардык кеңешке татыктуу партияны шайлоо жана шаар башчысын шайлоо бирден-бир мыйзамдуу жол экендигин жана муну митингчилерге башында эле айтканын эске салды.

“Мен коомдук пикирге каршы шаарды башкарууга кимдир бирөөнүн келүүсүн каалаган жокмун. Мени коркутуу маанисиз, мен дагы бул жылдар аралыгында бир топ татаал жолду басып өттүм”, – деп түшүндүрдү ал.

“Убактылуу мэр дайындалса дагы, бирок шаардыктардын жактыруусуна ээ болсо, мен биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучу кызматтан кубаныч менен кетем” – дейт ал.

Нариман Түлеев бийликке умтулбай тургандыгын, сүйүктүү шаарына ар кандай салым кошууга даяр экендигин жана аны көкүрөгү менен коргоого даяр экендигин дагы бир жолу эскертти.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *