Бишкек ЖЭБ өткөн кылымга таандык тетиктер менен жаңыланганбы?

Учурда Бишкек ЖЭБди жаңылоонун жыйынтыгы боюнча эки сот иши улантылууда. Алардын биринчиси ЖЭБдеги аварияга, экинчиси ушул эле ЖЭБдеги коррупцияга байланыштуу. Эки иш боюнча экс-премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин экс-директору Айбек Калиев, “Электр станциялары” ААКнын экс-жетекчиси Салайдин Авазов, “Электр станциялары” ААКнын жетекчисинин экс-орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана экс-финансы министри Ольга Лаврова, ошондой эле бир катар башка адамдар фигурант катары сурак беришүүдө.

Тергөө мамлекетке 111 млн доллар зыян келтирилгендигин, ЖЭБди жаңылоо одоно эреже бузуулар менен жүргүзүлгөндүгүн аныктаган. Мурдагы премьер-министр С. Исаков ТВЕАнын кызыкчылыктарын калкалап келгендиги анын кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен көп ирет жолугушкандыгынан көрүнүп турат.

Эгерде ЖЭБди жаңылоонун таржымалына тереңирээк көз чаптырсак, бул долбоор Бакиевдин башкаруу мезгилинде карала баштагандыгын баамдоого болот. Тактап айтканда, 2010-жылдын 11-февралында КР Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) жетекчиси Максим Бакиевде кеңешме өтүп, анын башталышында М. Бакиев кеңешмеде конфиденциалдуу маалымат айтыларын жана КР Президенти К. Бакиев менен макулдашууга ылайык, маалымат жалпыга ачыкталбастыгын жарыялаган. Кеңешмеге М. Бакиевден сырткары анын орун басары А. Елисеев, ЦАРИИнин коммуникациялар кызматынын жетекчиси С. Исаков, “Дастан” ААКнын төрагасы А. Ширшов, “Электр станциялары” ААКнын башкы директору С. Балкыбеков, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын башкы директору А. Садыков катышкан.

Кеңешмеде С. Балкыбеков Бишкек ЖЭБди жаңылоонун бир нече варианты даярдалгандыгын, алардын бирин-чисине ылайык ТВЕА жана экинчиси боюнча Бүткүл дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирген. Айтымында, ТВЕА жылуулук борборун жаңылоого 200 млн АКШ долларын сунуштаган, бирок каржылоо үчүн Эксимбанктын кредитин пайдалануу керек деген. Балкыбеков ошондой эле ТВЕА сунуштаган газотурбиналык долбоор эскирген деп эсептелерин эскерткен. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк банктын адистери тарабынан сунушталган долбоордун баасы 150 млн АКШ долларын түзгөн. 100 млн долларды банк өзү, 50 млн долларды кыргыз тараптын каржылоосун сунуштаган. Бүткүл дүйнөлүк банк ЖЭБди жаңылоодо батыштын заманбап технологияларын колдонууга жана европалык жаңы үлгүдөгү жабдууларды орнотууга милдеттенип жаткандыгын Балкыбеков баса белгилеген.

Талкуунун жүрүшүндө Бүткүл дүйнөлүк банктын сунушу өлкөнүн кызыкчылыктарына шайкеш жана артыкчылыктуу деп табылып, долбоордун кымбаттыгына, ошондой эле андагы техникалык жана технологиялык өксүктөргө байланыштуу ТВЕАнын сунушу четке кагылган.

Бул жерден көрүнүп тургандай ошол учурда эле кытайлыктардын сунушу өлкө кызыкчылыгына ылайык келбестиги, Эксимбанктын кредити мамлекетке оор жүк катары артылары түшүнүктүү болгон. Ошондой эле сунушталган технологиялар менен жабдуулар эбак эскиргендиги ачык айтылган. Ушулардын баарысын билип туруп Сапар Исаков баары бир Бишкек ЖЭБди жаңылоо долбооруна ТВЕАны илештирүүгө жетишкен. Мындан тышкары, анын колу менен кытайлык компания долбоордун наркын 386 миллион долларга чейин көкөлөтүп, өзү оңбогондой эле олжо тапкандай. Эгерде Бүткүл дүйнөлүк банк сунуштаган экинчи вариант тандалганда, өлкөгө артылган финансылык жүк алда канча жеңил болмок, ал эми Бишкек ЖЭБге батыштын жаңы жабдуулары орнотулуп, балким 2017-жылдагы авария болмок эмес. Мындан тышкары, Бишкектин тургундары жана коноктору ЖЭБдин айынан акыркы мезгилде күчөп бараткан экологиялык көйгөйлөрдөн жапа тартышмак эмес. Ошондуктан, С. Исаков жана башка чиновниктер элдин башын чаташтырбай, жасаган кылгылыктары үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек.

У. Анарбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *