Бишкек ЖЭБине Казакстандан көмүр ташуу иши башталды

“Электр станциялары” ААК билдиргендей, Бишкек ЖЭБине Д, ДГ, Г үлгүлөрүндөгү көмүр ташып жеткирүү боюнча өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгынын негизинде 18-сентябрь күнү Казакстандын “КонтактУглеПром” ЖЧКсы менен 400 миң тонна  көлөмүндөгү Д үлгүсүндөгү көмүр ташып келүүгө келишим түзүлдү.

Ташып жеткирүү графигине ылайык, сентябрь айынын ичинде Казакстандан Бишкек ЖЭБине 10 миң тонна көмүр жеткирилет.

26-сентябрга карата “КонтактУглеПром” ЖЧКсы Кыргызхстанга 2,8 миң тонна көмүр ташып келди.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *