Бишкекте 12 жаштагы бала балык консервасына ууланды

Бишкекте 12 жаштагы бала балык консервасынан ууланду. Бул тууралуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл  борбору билдирди.

Маалыматтар боюнча, кечээ, 13-январь күнү Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда тамак-аштан ууланган факт катталган. Анда 12 жаштагы бала Аламүдүн базарынан сатылып алынган “Кублей” фирмасына таандык (Өндүргөн – Казакстан, чыккан күнү: 13.05.19) балык консервасына ууланган деп айтылууда.

Териштирүү маалында бардык тиешелүү пробалар алынганы айтылды. Лабораториялык иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу да маалымат берилет.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *