Бишкекте 14 жашар бала автомат, патрон жана бычак менен кармалды

Бүгүн, 16-мартта таңкы саат 06:25те милицияга телефон чалган таксист 12-кичирайондо бир жаш бала курал менен жүргөнүн кабарлаган. Бул тууралу Бишкек милициясынын басма соз кызматы билдирет.

12-кичирайонго жете барган милиция алгач 2006-жылы туулган Л.К. аттуу баланы бычак жана 12 калибрдеги 4 патрон менен кармайт. Анан үйүн тинте келгенде Калашников автоматы 27 огу менен табылат.

Үйдүн ээси болуп 1989-жылы туулган О.М. болуп чыгат.

 

Милиция бул фактыны кылмыштар жана жоруктар реестрине каттап, иликтөөнү баштады.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *