Бишкекте 16 жаштагы кыздын өлүмүнө күнөөлүү дарыгер кармалган

Милициянын кызматкерлери 16 жаштагы кыздын өлүмүнө күнөлүү №8 Уй бүлөлүк медицина борборунун кызматкерин кармашкан. Бул тууралуу Бишкектин ШИИБнен билдиришкен.

Маалыматка карагнада,кыздын өлүмү боюнча КР кылмыш-жаза кодексинин “медициналык кызматкеринин кесиптик талаптарын толугу менен аткарбагандык” берененси боюнча кылмыш иши козголгон. Айыпталуучу убактылуу кармоочу изоляторго киргизилген.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында дарыгерде көрүнүү маалында өспүрүм кыз каза болгон. Алдына ала маалыматтарга караганда, ал анафикатикалык шоктон улам көз жумган.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *