Бишкекте быйыл 2 миллиондон ашык гүл отургузулат

Бишкек шаарынын мэриясы шаарды жашылдандыруу боюнча планын талкуулашты. Бул тууралуу шаардык мунициапалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-февралда шаардык кызматтар жана структуралык бөлүмдөр менен жыйын өтүп, анын алкагында 2019-жылды жашылдандыруу боюнча талкуу болгон.

“Бишкек жашылдандыруу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Элнура Жолдошева быйылкы жылга отургузула турган көчөттөр боюнча планы менен тааныштырды.

Быйылкы жылы отургузула турган көчөттөр:

-10 428 көчөт дарактар жана бадалдар, анын ичинде дарактар- 7 906;

– Жалбырактуу бактар жана бадалдар – 5 084

– Ийне жалбырактуулар – 2 822;

– бадал – 2 522;

-тирүү тосмол – 137 750;

-жылдык гүлдөр – 2 млн 200 миң

Мындан  тышкары, борбордук аянтта 8 гектар жерге газон өстүрүлөт. 69 көчөнүн бак-дарактары  жана 7  эс алуу паркында ландшафт дизайнындагы декоративдик элементтер  жаңыланат.

Булак:KyrgyzToday

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *