Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады
КООМ

Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады

Бишкекте үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-сентябрда түнкү саат 23:00 чамасында Күрөңкеев жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Лексус”, “Тойота Королла” жана “БМВ” унаалары кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен эки адам жабыркады. Алар ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгы боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады