Бишкекте 48 жаштагы аялды мыкаачылык менен өлтүргөн шектүүлөр кармалды

Чүй облусунда мыкаачылык менен аялды өлтүрүүгө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, 4-мартта Жайыл РИИБне Бишкек – Ош жолунун 113 чакырымындагы дарыяда аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине тергөө тобу барып,  денесинде зомбулуктун белгилери болгон 40-45 жаштардагы европалык түспөлдөгү аялдын сөөгүн табышкан.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин  130-беренеси (киши өлтүрүү) бонча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Өзгөчө мыкаачылык менен жасалган кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн Чүй ОИИБнын жана Жайыл РИИБнин кызматкерлеринен тергөө тобу түзүлгөн.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун өздүгү такталган. Ал 1972-жылы туулган И.С. болуп чыккан. Маркум Бишкектеги Свердлов РИИБи тарабынан дайынсыз жоголгон деп жүргөн.

Ыкчам тергөө тобунун жүргүзгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкекте кылмыш ишине шектүү катары 28 жаштагы Ж.З. жана У.О. кармалган.

Азыркы учурда кармалган жаран Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, шектүүлөрдүн бири өлтүрүлгөн аялга ири суммадагы акча карыз болуп калган. Ушундан улам алар кылмышка барышкан. Шектүүлөр кылмышты жашырыш үчүн мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялды Бишкек – Ош жолуна жакын жердеги дарыяга ыргытып салышкан.

Азыркы учурда бардык тиешелүү экспертизилар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *