Бишкекте 58 жаштагы врач Жүзүмкан Көкүмбаева коронавирус жуктуруп алып, каза болду

Кечээ, 2-майда коронавирус инфекциясынын кесепетинен Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева 58 жашында көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде  билдирди.

Жүзүмкан Көкүмбаева 1962-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Улахол айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы №5 үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп, андан кийин №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмгектенди.

Саламаттыкты сактоонун отличниги, саламаттыкты сактоо мекемелеринде 30 жылдан ашык иштеген жогорку категориядагы дарыгер. Жүзүмкан Асановнаны жумушунда профессионалдыгын, ал эми үйүндө камкордугун, сабырдуулугун жана ак көңүлдүгүн баалашкан.

Жүзүмкан Асановна ак ниеттүүлүк менен жашап, иштеп, өлкөсү үчүн чыныгы дарыгердик жана жарандык милдетин аткарды. Анын жаркын элеси кесиптештеринин, жакындарынын жана досторунун жүрөгүндө сакталат.

Саламаттыкты сактоо министри жана министрликтин жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *