Бишкекте 6 унаа катышкан жол кырсыгы катталды

Бишкекте 6 унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 20-ноябрда болжол менен саат 22:00 чамасында 1979-жылы туулган У. Т. аттуу айдоочу Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү авто унаа менен Д.Сяопин көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Месароша көчөсүнүн кесилишинен Айди-100 үлгүсүндөгү авто унаа менен сүзүшкөн. Андан ары сүрүлүп, жол жээгинде токтоп турган Ниссан-Примера, Тойота- Виш, Дэу-Нексия жана Тойота-Ист үлгүсүндөгү авто унааларды сүзүп токтогон.

Бул жол кырсыгынын натыйжасында 3 жаран жабыркап баары 4-шаардык ооруканага жеткирилген.

Бул жол кырсыгы боюнча авто унаалар убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол коопсуздук эрежелерин так сактап, кыштын күнү ылдамдыкты азайтуу менен авто унааны башкарууга чакырат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *