Бишкекте адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкек шаарында жеңил машина жөө кетип бараткан адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, окуя 11-январда,  Бишкектеги Боронбаева менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Белгисиз айдоочу 1983-жылы туулган К.А.ны сүзүп, качып кеткен. Жабырлануучу Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, качып кеткен 1963-жылы туулган М.А. аттуу айдоочу кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *