Бишкекте баласынын көзүнчө улгайган аялды атып кетишти

Бишкекте 60 жаштагы аялды жаш баланын көзүнчө атып кетишти. Ички иштер министрлигинен  билдиришкендей, окуя 22-февралда күндүз Аламүдүн-1 кичирайонунда болгон. Маркумду белгисиз кишилер өз үйүндө тындым кылышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аялдын жанында бир жашар ымыркай да болгон. Сөөктү алгач мектептен келген небереси көргөн. Ок анын башына тийгени айтылууда. Милиция кылмыш ишин козгоп, шектүүнү издеп жатат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *