Бишкекте батирлердин биринен улгайган аялдын жансыз денеси табылды

Бишкектеги батрлердин биринен куткаруучулар улгайып калган аялдын жансыз денени таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунда 2017-жылдын 9-октябры күнү саат 22:03дө КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Восток-5 кичи районундагы №30 үйдүн №58 батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 72 жаштагы В. Н. С аттуу аялдын жансыз денеси табылган. Жансыз денени ИИМ кызматкерлерине тапшырышкан.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *