Бишкекте беткап кийген балдар милиция кызматкерине кол салышкан

Бишкек шаарында белгисиз топ балдар милициянын жол кайгуул кызматынын кызматкерине кол салышкан. Бул тууралуу Ленин РИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 14-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, 12-мартта болжол менен саат 23:35те Ажыбек баатыр көчөсүндө үч беткапчан бала милициянын кызматкерине кол салгандыгы тууралуу маалымат келген. Жерине Ленин РИИБнин тергөө тобу барган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, беткап кийген 3 бала милициянын 38 жаштагы улук лейтенанты К.Э. кол салып, дубинка менен урган. Окуядан кийин белгисиз балдардын тобу из жашырып качып кеткен. Алган жаракатынан улам жол кайгуул кызматынын кызматкери ооруканага жаткырылган.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана аларды кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *