Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды, ага жети облустан 66 мушкер келди

Бүгүн, 28-октябрда, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Алардын айтымында, турнир 31-октябрга чейин уланат. Мелдешке 7 облустан келген 66 мушкер катышып,  8 салмактык категория боюнча күч сынашып, тандалып алынат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *