Бишкекте бурагыч менен коркутуп, үй ээсин тоногон топ кармалды

Бишкекте тоноочулукка шектелген топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Биринчи Май РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, 22-январда, кечки саат 21:00до топтошкон төрт бала Бишкектеги Панфилов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн бириндеги квартирага уурулукка киришкен. Алар үй ээлерине кол салып, аларды бурагыч (отвертка) менен коркутуп, 12 миң сомдук “Самсунг”, 20 миң сомдук “Редми”, 32 миң сомдук “Самсунг” телефонун жана 4 миң сомун тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Бул окуя боюнча ошол эле күнү жабырлануучулар милицияга билдирген. Бул факт катталып, милициялар шектүүлөрдүн үчөөн таап, 1996-жылы туулган Ж.Жны, 2000-жылы туулган Т.Нны, 1995-жылы туулган С.Кны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Төртүнчүсү изделүүдө. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *