Бишкекте дзюдо боюнча чемпионат өтөт

Бишкекте дзюдо боюнча чемпионат өтөт. Бул тууралуу дзюдо боюнча улуттук федерациясынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-январда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, чемпионат 29-январда “Спартак” стадионунда башталат. Мелдешке ар кайсы аймактан келген мыкты спортчулар (эркек, аял) ат салышат. Жалпы 14 медаль ойнотулат.  Мындай иш-чараны Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Дзюдо боюнча улуттук федерация уюштурууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *