Бишкекте эки кабаттуу үйдө өрт чыгып, 5 киши жабыркады

Өрт Бишкектин Стаханов көчөсүндө болгон. Бул тууралуу 3-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт учурунда үйдүн №19 жана 20-батирлериндеги буюм-тайымдар, кийимдер өрттөгөн. Беш киши ар кандай күйүк алып, иске ууланышкан. Арасында кичинекей эки бала бар. Бардыгы №3 жана 4-ооруканага жеткирилген. Өрт электр чубалгылардан келип чыккан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *