Бишкекте эки машина кагышып, эки адам жабыркап, ооруканага жеткирилди

Бишкекте эки машина кагышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, жол кырсыгы бүгүн, 28-январда, таңкы саат 06:15тер чамасында Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүндө болгон. “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү машина менен «Мерседес-Вито» үлгүсүндөгү машина кагышып, анын кесепетинен эки жүргүнчү жабыркап, алар ооруканага жеткирилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *